ДАГЫ 8 КИШИ АТЫП ӨЛТҮРҮЛДҮ

255
0

Чыгыш Түркистанда Кытай өкмөтүнүн мусулман уйгурларга карата аёосуз зулуму уланууда.

Кытай мамлекетине көз каранды болгон Уйгурстан (Чыгыш Түркистан) аймагында Кытай полициясы 8 кишини атып өлтүрдү.

Кытайдын расмий “Тяншань” маалымат агенттиги 30-декабрь күнү уйгур улутундагы 9 киши колдорунда бычак жана балта сыяктуу куралдар менен Кашкардын Яркенттеги полиция мекемесине чабуул кылгандыгы тууралуу кабар таркатты. Агентттиктин келтиришинче, коопсуздук күчтөрү ал тогуз адамдын сегизин атып өлтүргөн, бир кишини тирүү колго алышкан.

Өлтүрүлгөн адамдар ким экендиги жана эмне себептен чабуул уюштургандыгы жөнүндө маалымат берилбеген болсо да, бул окуя боюнча кеӊири тармактуу тергөө башталгандыгы кабарланды.

2013-жылдын декабрь айынын башында полиция Кашкарга жакын жерде жергиликтүү калк менен кагышып 14 кишини атып өлтүргөн болчу.

Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарын атып өлтүрүүдө аларды өкмөткө каршы чабуул кылгандыкта айыптап келет.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цин Ган Пекинде журналисттерге интервью берип, Кытай учурда бир нече карасанатай күчтүн т.а. “терроризм”, “экстремизм” сыяктуу күчтөрдүн каршысында тургандыгын баса белгиледи.

“Бул чабуул биздин коомубузга каршы болгон күчтөр бар  экендигин тастыктайт. Алар биздин мамлекетибизге, калкыбызга жана адамдардын мал-мүлкүнө олуттуу коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөтөт. Кытай өкмөтү аларга каршы мыйзам чегинде катуу сокку берет”, – деди Цин Ган.

Ал эми уйгур активисттери Кытай өкмөтүн өзүнүн зулумун актоо үчүн террор коркунучун көбүртүп көрсөтүүдө айыптап келет. Алардын айтышынча, эч кандай полиция мекемесине чабуул кылынбаган. Тескерисинче, Кытай полициясына арыз-муӊун айтуу үчүн барган уйгур мусулмандар атып ташталган. Алар куралданган Кытай сакчыларына бычак жана балта менен чабуул кылуу эч кандай акылга туура келбей турган иш экендигин баса белгилешет.

“Кытай өкмөтү нааразылыгын тынчтык жолу менен билдирүүгө аракет кылып жаткан уйгурлардын аракетин курал менен бастырууда”, – деп айтты уйгур активисттеринин бири Толкун Иса ВВСге берген интервьюсунда.

Өткөн жылдын өзүндө эле Шинжанда жүз берген окуяларда Кытай өкмөтү 100дөн ашык адамды өлтүрдү.

Туркистон: Белгилүү болгондой, Кытай дүйнөдө коммунисттик түзүм менен капиталисттик экономика системасын колдонуп жаткан жападан-жалгыз мамлекет. Натыйжада бир катар проблемалар пайда болду. Алар саясий жана экономикалык проблемалар болуп, ушунчалык олуттуу дейсиӊ, ал тургай дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизиши да мүмкүн. Кытай дүйнөлүк базарды Европа стандарты негизиндеги мамлекеттерден коргоо жолунда жумушчу күчүн өтө төмөнкү стандарттарда кармоого мажбур болду. Натыйжада мамлекет бөлүштүрүүнү капиталисттик системага ылайык базар эркиндигине таштап койгондуктан, табигый түрдө ири капиталисттер пайда болду. Коомчулукта байлар менен жакырлар ортосунда олуттуу айырма пайда болду. Бул болсо, эл аралык саясатта Кытайга каршы атаандаштарына пайдалуу болушу мүмкүн болгон абалды пайда кылды. Себеби, капиталисттер дүйнөнүн экономикалык системаларына байланышкандыктан, эл аралык система аларга оӊой эле таасир өткөрө алат. Кытай комунисттик партиясы саясаттагы таасирин күчөтүүнү ыктыяр кылды. Ал үчүн Кытай да, бүтүндөй куфр дүйнөсү колдонуп келген мусулмандарды ызы-чуу кылып өз коомун сергектикке чакырып алуунун артынан режимдерди күчөтүү жолун тандады. Алар мусулмандарды өлтүрүүнү ачык жана ызы-чуулуу көрүнүштө ишке ашырууда. Өлтүрүү себептеринин ар түрдүү болгондугу болсо, мусулмандар тарабынан табигый каршылыктар болбой жаткандыгы т.а. провокацияларга алдырбай жаткандыгы, массалык кыргындардын сценарийлери өздөрү тарабынан түзүлүп жатканы себеп болууда. Бул мусулмандардын артында алардын кызыкчылыктарын коргой турган, алардын ар бири үчүн мамлекеттер аралык мамилелерди үзүп таштоого же жихад кылууга чейин бара турган кубаттын т.а. Халифалык мамлекетинин жоктугу себеп болууда. Мисалы, Америка гражданы Кытайга каршы ачык провокация кылганда да ага катуураак мамиле кылууга батына албайт.  

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here