НАТО МЕНЕН РОССИЯ КЕЛИШИП АЛДЫ

284
0

НАТОнун башкы катчысы Андерс Расмуссен, Сирия маселесин аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместиги тууралуу жана бул жаатта бир конференция уюштуруу боюнча Россия менен келишип алгандыгын билдирди.

НАТО Сирияда аскерий чечим пайда бербестигин жарыя кылып, эки тараптын ортосунда ракеталык коргонуу түзүмү темасындагы келишпестик бүгүнкү күндө да уланып жаткандыгын ачыктады.

НАТО коргоо министрлери саммитинин экинчи күнүндө НАТО-Россия жыйыны болуп өттү. Сирия  маселеси башкы тема кылып алынган бул саммитте Ортоӊку Чыгыш маселеси да талкуу кылынды. Сирия маселесинде эки тарап теӊ кийинки айдын ичинде эл аралык конференция уюштуруу туурасында бир пикирде экендиктерин билдиришти. Сирияда аскерий чечим пайда бербестигин баса белгилеген НАТОнун башкы катчысы “БУУнун химиялык куралдарды жок кылуу туурасында чыгарган токтому ишке ашуусу үчүн Россия менен кызматташа тургандыгын” билдирди.

О.э. Расмуссен ракета коргоо түзүмү темасында биргеликте аракет кылуу туурасында бир жол таба албай жаткандыгын ачыктап, бул маселе үчүн дагы да ачык пикирлөө керектигине басым жасады

Туркистон:

Туура, Сирия маселесин аскерий жол менен чечүүгө болбойт. Бул жерде идеологиялык күрөш жүрүп жаткандыктан, куфр системасынын жергиликтүү калктан түзүлгөн күчтөрдөн пайдалануудан башка чарасы жок. Ошондуктан, НАТО Сирия маселесинде Россия менен кызматташууга мажбур.

АКШ бул ирет да мусулман ынкылапчылардын коргоочусу позициясында турган болчу. Бирок, бул ынкылап АКШ баш болгон бүтүндөй системага каршы багытталып кетти. Кувейтте аларга каршы коалициялык оппозиция уюштурду, бирок, калк аны кабыл албады. Убактылуу өкмөт түздү, эч ким аны тан албады. Андан кийин Россияга байлап Асадды кубаттандырды. Ал аркылуу мусулмандарга зулумду күчөтүп, ынкылапчыларды дүйнөлүк коомчулукка “террористтер” деп тан алдырууга катуу аракет кылды. Бирок, ынкылапты Ислам негизинен чалгыта албады. Ошентип, Сирия ичинде исламий кубатка каршы Асад режиминен башка кубат калбады. АКШ Асаддын колу менен ынкылапчы мусулмандарга каршы катуу зулумдарды уюштурууда дагы кайрадан Россияны кудум аларга башчы сыяктуу кылып көрсөтүүнү максат кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here