ЛАХДАР БРАХИМИ: СИРИЯ ПРОБЛЕМАСЫ ӨТӨ ОЛУТТУУ

314
0

БУУнун жана Араб Лигасынын Сирия боюнча жооптуу өкүлү Лахдар Брахими кечээ Багдадда сүйлөгөн сөзүндө “Сириядагы абал өтө оор” деп айтты.

“Сирия проблемасы өтө олуттуу, мунун натыйжасы Сириянын өзү үчүн эле эмес, тескерисинче, бүтүндөй регион жана дүйнө калкы үчүн коркунучтуу болот. Менимче, бул маселеде бардыгы бир пикирде. Сирия согушу бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң кандуу проблема болуп, бүт дүйнөнүн тынчтыгын бузуп жиберүүгө кудуреттүү бир кризис болуп эсептелет. Сирия калкына жардам берүүгө да кечиккендейбиз”, – деди Брахими.

Брахиминин бул баянаты Асад режимине каршы күрөшүп жаткан дагы 70 топ Сирия улуттук коалициясын тан албастыгын жарыя кылгандан кийин жаӊырды.

Кечээ күнү Сирия түштүгүндө Асад режимине каршы күрөшүп жаткан 70 топ бир жерге чогулуп, Сирия улуттук коалициясын тан албастыгы жөнүндө билдирүү таркатты. Бул топтор Батыш тарабынан камсыздалып келе жаткан улуттук коалициянын ийгиликсиздикке жүздөнгөнүн айтып, алар оппозициянын өкүлү боло албастыгын билдиришти.

“Азат Сирия” кошуунунун расмий  сүйлөөчүсү Луай Микдад “EFB” маалымат агенттигине берген интервьюсунда: “Сирия улуттук коалициясынын курамындагы боордошторубуз мамлекеттин ичиндеги калктын добушуна кулак салууга мажбур, себеби, ынкылап үчүн алардын каны төгүлүүдө”, – деди.

Өткөн айда да Сириянын түндүгүндө, алгач 13 отряд, андан кийин дагы 50 отряд кудум ушундай маалымат менен чыгып, улуттук коалицияны тан албастыгын жарыя кылган эле.

Туркистон:

Чындыгында эле, Сирияда абал өтө оор. Бирок, Брахими айткан мааниде эмес.

БУУнун айланасына бириккен дүйнөлүк куфр системасынын тарапкечтери атынан сүйлөп жаткан Брахими Ислам жана мусулмандардын ойгонуп кетишин өтө чоӊ коркунуч деп уктурууга аракет кылып жатат. Ал жердеги курчоодо калып кырылып жаткан калкты эмес. Албетте, эми ал ачкалыктан кырылып жаткан жаш балдарга кайгырган болуп, абалды өзгөртүүнүн тарапкечи болот. Бирок, бул аракеттерге аны эмне үндөдү. Мына ошол үндөөчү себеп маанилүү. Албетте, аны бул ишке жогоруда айтылган куфр кызыкчылыктары же жеӊилүүлөрү үндөгөн. Куфр системасы өзү ойлоп тапкан улуттук коалицияны тан алдыруу максатында жогорудагы зулумдарды уюштурду. Алар зулумга каршы ынкылаптык козголоӊдорду алып барып жаткан мусулмандарды мурда эч кимге колдонбогон ыкмалар менен кыйнашууда. Аларды курчоого алып, ачкалыктан өлө турган абалда турганда, улуттук коалицияны тан алууну сунуш кылууда. Бирок, олуттуу иш-аракет алып барып жаткан жамааттардын бири да бул сунушту кабыл абады. Калк болсо, ушул иштин үстүндө балдары ачтыктан өлүп жатканда да, ынкылаптык кыймылдардын бирин да каралабады. Тескерисинче, алардын ортолору барган сайын жакындап барууда. Мына ушундай абал куфр дүйнөсүн силкинтти. Куфр Брахими сыяктуу малайларын өзүнө каршы сүйлөтөт. Алар кудум зулумдун алдын алууда алдыӊкылардан болуп, үммөттүн кызыкчылыктары жолунда жан үрөгөн адамдардай болуп көрүнүшөт.                                     

Алар үчүн негизги проблема мындай, мусулмандар ынкылаптык аракеттерин исламий негиздерге байланган абалда алып барышып, куфр системасы негизиндеги багыттарды четке кагышты. Алар Исламды турмушка кайтаруудан башка аракеттер ийгиликке алып барбастыгын түшүнүп жетишти. Куфр дүйнөсүнүн аларды ушул багыттан кайтаруу максатындагы бардык аракеттери натыйжа бербеди. Куфр дүйнөсү бүгүнкү күндө чындыгында коркууга түштү.

Куфрдун жаӊы пландары, Брахими сыяктуу малайларын ишке салат. Алар Сирия калкын учурдагы абалдан алып чыгуу жолдорун сызып, аны калкка сунуш кылышат. Ал тургай, куфр дүйнөсү ага жардам берет. Бирок, алар калкты дагы кайрадан мурунку куфр системасы негизиндеги, акыны талап кылуу принциптерине кайтарууга аракеттенишет. Бул болсо, идеологиялар күрөшү болуп, ар кайсы идеология өзүнүн өлчөөсүн калктын өлчөөлөрү кылууга умтулуудан башка нерсе эмес. Жеӊиш да, калк ошол өлчөө негиздеринин кай бирин тандоосуна байланыштуу. Калк четке каккан идеологиялык өлчөөлөр, ошол идеологияга таянган системанын ошол аймакты таштап кетишин жана жеӊишке жетишкен иеологиянын кирип келишин түшүндүрөт.

Сирияда кудум ушундай абал болуп турат. Куфр дүйнөсү дендароо болуп калды. Ал мурда мындай абалга түшпөгөн эле. Сирия ынкылабы, куфрга каршы ислам системасы негизинде аракеттенип бара жатат, куфр дүйнөсү мурда мындай абалды көргөн эмес. Ошондуктан, куфр күрөшкө түздөн-түз кирүүдөн коркот. Ал мусулмандарды өзүнүн күрөш майданына чакырууда. Мусулмандар анын күрөш майданында күрөшүүгө Аллах тарабынан тыюу салынган деп Аллах буйруган исламий күрөш ыкмасында күрөшүүнү улантышууда.

Мына ушул күрөш ыкмасы, идеология тарабынан белгиленет. Кайсы тарап өзүнүн күрөш ыкмасынан баш тартса, же башкасынын ыкмасында да күрөшө беремин деп ката кетирсе, ошол тарап сөзсүз жеӊилет. Себеби, бул жөн эле күрөш эмес, идеологиялар күрөшү болуп эсептелет. Мында жеӊиш, бир тараптын экинчи тарапты жок кылышы менен эмес, тескерисинче, өз идеологиясын бийик кылышы жана ошону менен турмушта жашоодогу максат болгон жогорку баалуулуктарын үммөт алакаларына негиз кыла алышы менен ишке ашкан болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here