Кылмышкер өзбек режиминин колунда өлтүрүлгөн дагы бир «Ак Сөз» үчүн курман болгон жаңы шейит!

267
0

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»     [24:55]

Басма сөз баянаты

Кылмышкер өзбек режиминин колунда өлтүрүлгөн дагы бир «Ак Сөз» үчүн курман болгон жаңы шейит!

Өзбекстанда – Аллахтын изни менен – дагы бир шейит, Хизбут-Тахрир мүчөсү, 1975-жылы Ташкент областынын Жаңыжол шаарында туулган Гиясов Надир Зиядович Рафикул Аъла алдына жол алды.

Гиясов – Аллах аны рахмат кылсын – биринчи жолу 2000-жылы 6-декабрда Өзбекстан кылмыш кодексинин 159-беренеси 3-бөлүмү менен Ташкент областы Жаңыжол шаар соту тарабынан 5 жыл мөөнөткө эркинен ажыратылган. Гиясов рохимахуллох жеке өзү көрүп, башынан өткөргөн камактагы оор абал жана туткундарга кылынып жаткан абдан ырайымсыз мамиле анын бул режимдин бузгунчу экендигине жана аны өзгөртүү важибдигине болгон ишеничин дагы да бекемдеди. Ошондуктан, ал өзүнө Каримов жана анын кылмышкер, саткын режимин кулатуу үчүн күндү түнгө улап аракет кылуу туурасында бекем убада берди. Ошондуктан, ал боштондукка чыккандан кийин Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн болгон даъватты кайрат жана мурункудан да күжүрмөндүк менен алып барды. Ал 2006-жылы 11-мартта экинчи жолу камалып, 3-августта Өзбекстан кылмыш кодексинин 244-беренеси 2-бөлүмү менен Ташкент областынын соту тарабынан 10 жыл камак жазасына өкүм кылынды.

Гиясовду Хизбди каралоого, анын пикирлеринен баш тартууга, боордоштору болгон Хизб жигиттери артынан – алардын жашаган жайларын көрсөтүп берүү үчүн – тыңчылык кылууга мажбурлоо максатында ал камакта түрдүү кыйноолор жана зомбулуктарга, кемсинтүүлөр жана акараттоолорго дуушар болду. Бирок, ал зор кайрат жана боордошторун абзел көрүү үлгүсүн көрсөтүп бул оор сыноо алдында бекем, кайраттуу турду. Натыйжада, карасанатайлар аны Хизбин жана даъватын каралатууга, боордоштору жана досторун кармап бериши жөнүндөгү арзууларына жете албады. Ал залимдердин колуна түшкөндөн кийин, залимдер анын кайраты жана каармандыгын майтаруудан үмүттөрүн үзүшкөндөн соң ага атайылап туберкулёз оорусун жуктурушту. Бул арамзаларга Аллахтын наалаты болсун!

2013-жылы сентябрда Гиясов ]тын ден-соолугу жамандашкандан соң камакта дагы бир өлүм болгондуктан айыптан качуу үчүн кылмышкер режим аны бошотуп жиберди. Ал үйүнө келгенде аны өпкө оорулары боюнча дарыгер текшерип көрдү. Зарыл текшерүүлөр жана анык диагноздон кийин ага туберкулёз вирусу жуктурулганы, бул жагдай анын саламаттыгына терс таасир кылганы оорунун пайда болушуна алып келгени анык болду.

2013-жылы 7-октябрда Гиясов Аллах Тааланын рахматына кетти. Ал Аллахка берген убадасында садик калды, Исламий даъватты көтөрүп чыгууда ыклас менен аракет кылды, даъватчы боордошторуна берген бекем антында садик турду. Бул боордош ] жолдун узундугуна жана нусраттын кечигип жатканына бир күн болсо да арызданбады. Анткени, ал карманган жолунун тууралыгына толук ишенчү, кабыл алган пикирлеринин тууралыгына канааттанып, кадыржам болчу, Аллах Субханаху ва Тааланын нусрат беришине, жеңиш жана үстөмдүк бир аз убакыттан кийин болсо да Исламга таандык болушуна ыйман келтирген эле. Роббибиз Азза ва Жалла Гиясов ] жана ага окшогондор жөнүндө мындай деген: 

«Момундар арасында өздөрү Аллахка берген (Ал Заттын жолунда шейит болуу жөнүндөгү) убада-шерттерине садик болгон кишилер бар. Анан, алардан (айрым) кишилер өз убадасына бапаа кылды (т.а. шейит болду), алардан (айрым)кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар(мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин)өзгөртүшкөн жок»      [33:23]

ХизбутТахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

Уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here