КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ХИМИЯЛЫК КУРАЛ БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

290
0

Коопсуздук Кеңеши №2118 резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Жада калса, бул резолюцияга каршылардын да үнү чыкпай, вето коюшпады! Бул резолюция Шам тогуту 30 ай мурун Сирия калкын кыргын кылууну баштагандан бери биринчи жолу бир добуштан кабыл алынып жаткан резолюция! Америка жана анын союздаштары башчылыгындагы эл аралык коомчулук миңдеген карыялар, аялдар жана балдардын кандары төгүлгөнүнө, ракета соккулары акыбетинде жүз миңдеген адамдар кол-буттарынан ажырап жаракаттанганына, үйлөрү ойрон кылынган миллиондогон адамдар качкынга айланганына көңүл да бурбады. Булардын эч бири эл аралык коомчулукту резолюция кабыл алууга үндөбөгөн. Тескерисинче, тогутка кылмыштарды беймарал улантышына мүмкүнчүлүк берүү үчүн Америка Россия менен биргеликте ыплас келишим түзүп, бири кабыл алса, экинчиси четке кагуу туурасында келишип алды. Тогуттун бул кылмыштарынан инсан да, бак-дарак да, тоо-таш да аман калбады. Бул кылмыштардын эч бири кафирлерди бир резолюцияга жамдаган эмес. Тескерисинче, алар яхудий мамлекети жана башка мамлекеттердин складдары, айрыкча химиялык куралга тыюу салуу боюнча сак турганын айтып жаткан тигил ири мамлекеттердин складдары химиялык курал менен толуп ташып жаткан учурда мусулман өлкөсүнөн химиялык куралды тартып алууда бир чечимге келишти! Ар кандай акылдуу адам кафирлер бул резолюцияны – Ислам жана мусулмандарга каршы чыгарылган токтом болгону үчүн – ортоктош кабыл алышканын жакшы түшүнөт. Анткени, кафирлер Шам тогуту кулоо астында турганын жана ал кулаган соң бул курал мусулмандарга кайтышын жакшы баамдашат. Аларды жана алардын эркеси яхудий мамлекетин коркууга салып жаткан нерсе мына ушул химиялык куралдар. Анткени, яхудий мамлекетинин коопсуздугу, эл аралык мафия башчысы Обама айткандай, алардын бул региондогу эң көзгө көрүнгөн кызыкчылыгы. Кийин бул региондун байлыктары, айрыкча кара алтын – нефтини талап-тоноп кетүүдөн турган кызыкчылыктары турат…

Колонизатор кафир мамлекеттер мусулмандарга душмандык кылуу үстүндө биригүүсү алардын жыйынындагы жаңылык эмес. Анткени, бул, алардын топтору илгертен орнотуп кеткен бир мыйзамдуулук. Ошондуктан, алар мусулмандарга тийиштүү ар кандай маселе алдында өз ара келишпестиктерин унутуп биригишет. Бул кудум өтмүштөгү араб урууларынын абалына окшойт. Анткени, алар бир төө деп узак жылдар бири-бирине каршы согушуп келишкен. Ошого карабастан, алар Расулуллах rга каршы биригишип, өз ара жаңжалдашуусун убактылуу унутушкан. Алар Расулуллах rдын хижрат кылышы алдында Расулуллах rды үйүндө өлтүрүү үчүн ар бир уруудан бирден кишини тандашкан, алар баары болуп кырк киши болушкан. Ошол доордо Фарс жана Рум да бир-бирине каршы касташкан душман эле. Бирок, хижраттын 12-жылы, рамазанда алар Иракта, бүгүнкү Букмал чыгышындагы Фараз кармашта мусулмандарга каршы согушууда бир-бирине жардам берген. Бизге каршы Европа королдорунан турган кресттүүлөр да хижрий V кылымдын акырынан, миладий XI кылымдан тартып 200 жыл биригишип келди. Кийинчерээк алардын сабына монголдор да кошулду. Хижрий 615-жылдагы кресттүүлүк жүрүшүнөн кийин калган-куткан айрым кресттүү королдор жеңилип күчсүздөнгөн болчу. Монголдор алардын жерлерин басып алуу менен гана чектелип калбастан, исламий региондорго да чабуул кылышкан! Бул эле эмес, кресттүүлөр мына ушул жүрүштө жеңилишкенден кийин монголдорду хижрий 617-жылы мусулман өлкөлөрүнө чабуул кылууга тукурушту. Ошондон кийин Европа мамлекеттери өз ара согуштардан бошобой калды, бирок алар XVI-XVII кылымдарда Исламий мамлекет «Усманий Халифалык» күч-кубатка толуп улуу жана кудуреттүү мамлекетке айланганын көрүшкөн соң, Европа королдору өз ара келишпөөчүлүктөрүн унутушту о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык себептүү Исламий мамлекетке каршы согушуу үчүн биригишти. Алар ушул максатта Эл аралык үй-бүлө деген нерсени түзүштү. XVI кылымдан тартып абал ушундай турду, жада калса, бул мамлекеттер Исламий мамлекет күчсүздөнүп, кийин жок болгондон кийин да, биринчи дүйнөлүк согуштан соң Улуттар лигасы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо БУУ деген аталышта биригүүнү улантты. Бирок, бул уюмдун аты өзгөргөнүнө карабастан, Эл аралык үй-үбөлөдөн көздөлгөн негизги максат өзгөрбөй кала берди. Бул максат – Ислам жана мусулмандарга каршы согуш. Мында каражаттар жана ыкмалар гана өзгөрдү, Ислам жана мусулмандарга каршы жалпы душмандык болсо өзгөргөн жок. Бул негизги максат Америка жана анын союздаштары баш болгон азыркы эл аралык абалда да өзгөргөн жок. Анткени, эл аралык абал дале Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыктан келип чыгып иш жүргүзүүдө. Кафирлер Палестинаны басып алган яхудий мамлекетин колдоп-кубатташы, химиялык куралсыздантуу боюнча Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы жана мусулмандардын байлыктарын талап-тоноо пландары – бул, негизги максаттын айрым бөлүктөрү гана.

Эй мусулмандар!

Колонизатор кафирлердин бизге каршы биригүүсү алардын жыйынындагы жаңылык эмес. Бирок, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер Америка жана анын союздаштары алдында алардын бутун өпкүдөй болуп тизелеп турушу – шерменделик! Бул акимдер – эгер, аларда бирер дин жана кыймат болсо – динин да, кыйматын да кыйшайган мансап күрсүсүндө убактылуу калуу акысына сатып жиберишүүдө. Мусулман өлкөлөрүндө өскөн, бирок Батыш сакафаты менен суугарылган айрым адамдар Батышты мактап, анын позицияларын көккө көтөрүп жатышканы – дагы бир шерменделик! Акыйкатта болсо, бул Батыш этти куйкалап, сөөктөрдү сындырууда. Ошого карабастан, бул кимселер тигил Батыш мамлекеттери жөнүндө жакшы күмөндө болуп, аларды ыраазы кылуу жана алардан жардам суроо үчүн алдастап жүгүрүп жүрүшөт. Негизи, бул мамлекеттер Аллах Субханаху:

هُمْ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمْ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ

«Алар душман. Демек, алардан этият болгун!  Аларды Аллах наалаттайт! Кандай адашуу ээ!»                                                                                    [63:4]

деп айткандай душман мамлекеттер. Дагы бир ызааланткан нерсе – демократия, илманийлик… үчүн эмес, Халифалык үчүн аракет кылып жатканын жана ага чакырып жатканын, Сайкс-Пико байрагын эмес, Расулуллах rдын роясын көтөрүп чыгууну айтып жаткан айрым «исламий» кыймылдар жана «исламчылар»: «Биз Батыштын карамүртөздүгүнөн, натыйжада биз менен бирге Башарга каршы турбай коюшунан коркобуз», – деп жооп берип жатышканы. Алар Башар да, атасы да Америка жана анын союздаштарынын куурчагы экенин, Америка бул тогутту колдоп-кубаттап жатканын, ошондуктан ага байма-бай мөөнөттөрдү берип жатканын түшүнүп жетпей жатат. Америка кулоо астында турган бул малайынын ордуна дагы бир малайды чыгарып колу бошогонго чейин бул тогутту колдоп-кубаттап жатканын алар түшүнбөй жатышат. Ошондуктан, Америка Ислам роясын көтөрүп чыгып акыйкатты каалап жаткан мусулмандар тарабында эч качан турбайт, анын жүзүндө жылмаюу көрүнүп турган болсо да.

كَيْفَ وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً يُرْضُونَكُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَى قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ

«Акыйкатта болсо, эгер алар силерди жеңип чыгышса, силер тууралу убадага да, милдетке да карашпайт. Ооздорунда силерди ыраазы кылышат, көңүлдөрү(убадага бапаа кылууга) ар кылат. Алардын көпчүлүгү итаатсыздар»                                                                       [9:7]

Эй мусулмандар!

Шек-күмөнсүз, куфр – бир улут. Коопсуздук Кеңешинде ири мамлекеттер мусулман өлкөлөрүнүн кубатынын себеби болгон куралды тартып алуу боюнча бириккени жана Коопсуздук Кеңешинин жогорудагы резолюциясы муну даана көрсөтүп турат. Бул душмандыктын көрүнбөй, жашыруун калган жактары болсо, андан да чоңураак.

قَدْ بَدَتْ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمْ الْآيَاتِ إِنْ كُنْتُمْ تَعْقِلُونَ

«Алардын силерди жаман көрүшү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо дагы да чоңураак. Эгер, акыл жүргүзсөңөр силер үчүн аят-аламаттарды ачык-айкын кылып бердик»                                                                [3:118]

Ири мамлекеттерден келип чыгып жаткан бул абалды, мамлекеттердин Ислам жана мусулмандарга каршы бул душмандык позициясын түшүнүп жетүү – душмандын тил бириктирүүлөрүнөн нажат табуунун, кийин аны жеңүүнүн биринчи кадамы. Бул – куфр Ислам жана мусулмандарга каршы биригип жаткан биринчи окуя эмес. Тескерисинче, ал Расулуллах r доорунда Мединада мамлекет тикеленгенден тартып кафирлер тобу мусулмандар арасындагы саткындар менен тил бириктирип хижрий 1342-жылы, миладий 1924-жылы Халифалыкты жок кылышканга чейин жана азыркы доорго чейин токтобой келе жаткан узун фитна тизмегинин бир жүзүгү гана. Мына ушундан кийин кафирлер үстүбүзгө чыгып алышты. Буга себеп алардын күчтүү экендиги эмес, тескерисинче биздин алсыздыгыбызда. Анткени, биз өз кубатыбыздын себебинен баш тарттык жана мамлекетибизди кайра тикелебей жөн гана олтура бердик. Натыйжада, бул кафирлер Расулуллах r айткандай бизге каршы биригишти. Абу Давуд Савбандан риваят кылган хадисте Савбан мындай деди: Расулуллах r айтты:

«يُوشِكُ الأُمَمُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمُ كَمَا تَدَاعَى الأَكَلَةُ عَلَى قَصْعَتِهَا» فَقَالَ قَائِلٌ: وَمِنْ قِلَّةٍ نَحْنُ يَوْمَئِذٍ؟ قَالَ: «بَلْ أَنْتُمْ يَوْمَئِذٍ كَثِيْرٌ، وَلَكِنَّكُمْ غُثَاءٌ كَغُثَاءِ السَّيْلِ، وَلَيَنْزَعَنَّ اللَّهُ مِنْ صُدُورِ عَدُوِّكُمُ الْمَهَابَةَ مِنْكُمْ وَلَيَقْذِفَنَّ اللَّهَ فِي قُلُوبِكُمُ الْوَهْنَ» فَقَالَ قَائِلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمَا الْوَهْنُ؟” قَالَ: «حُبُّ الدُّنْيَا، وَكَرَاهِيَّةُ الْمَوْتِ»

«Жеп тойбос ачаапаттар өз табагына таштанганы сыяктуу жакында улуттар силердин үстүңөргө биргеликтежапырылып таштанат», ошондо бир киши сурады: «Ошол күндө саныбыз аз болгондонбу?», ал зат: «Жок, силер ал күндө көп болосуңар. Бирок, селдин көбүгү сыяктуу болосуңар, Аллах душмандарыңардын жүрөктөрүнөн силерденкоркууну албетте алып коёт, силердин жүрөктөрүңөргө вахнды албетте салып коёт», деди. Ошондо бир киши: «Я Расулуллах, вахн эмне?» – деп сурады, ал зат: «Дүйнөнү сүйүп, өлүмдү жаман көрүү», – деди.

Эй мусулмандар!

Жетекчи өз калкын алдабайт. Хизбут-Тахрир силерди кайратту болуп, мамлекетиңерди, рошид Халифалыкты кайра тикелөө үчүн жан талашып бирге аракет кылууга чакырат. Анткени, азиздигиңердин булагы жана ойгонушуңардын жолу мына ушул мамлекет. Аны кайра тикелөө үчүн канчалык кеч аракет кылсаңар, душманыңар силерге каршы ошончолук ороңдошот. Силерди материалдык кубатыңардын себептеринен куру калтыруу туурасында токтом чыгаруу менен гана эмес, өлкөлөрүңөрдү аскерий күч менен басып алуу туурасында токтом чыгаруу менен да силерге каршы чабуул кыла беришет. Бирок, эгер Халифалыкты – важиб болгондой – тагдырий маселеңер катары кабыл алсаңар, ал жүрөгүңөрдө терең орношсо жана ар дайым көз алдыңарда турса, аны тилиңерден мурун вужудуңар сүйлөп турса, натыйжада сөздөн мурун динди калыс Аллах үчүн кылган жана туура жолдон ообогон абалда амал кылсаңар, ошондо Аллах Субханахунун убадасы силердин колуңар менен ишке ашышына курсант болгула:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга кудум мурун өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа кылгандай аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды»                                                                                      [24:55]

О.э. Расулуллах rдын залим башкаруудан кийин Халифалык болушу жөнүндөгү башараты да колуңар менен жүзөгө чыгышына кубангыла:

«ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат, кийин Аллах аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт, кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Пайгамбарыбыз ушундай дегенден кийин үндөбөй калды». Ошондо Халифалык таңы дагы атат жана Аллах силерге душмандарыңардын үстүнөн жеңиш берет.

إِنْ تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ

«Эгер, силер Аллахка жардам берсеңер (т.а. Анын жолунда жихад кылсаңар), ал зат да силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекем кылат»                                        [47:7]

Ошондо, Америка жана анын союздаштары силерден чеңгелин тартып, качып кала турган уясы болсо, уясына качып калат. Ошондо бүткүл дүйнө бойлоп жакшылык жайылат.

وَمَا ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ بِعَزِيزٍ

«Бул (иш) Аллах үчүн кыйын эмес»                                                                           [14:20]

Хизбут-Тахрир                                                                                    

23-зул-каъда, 1434-х.

29-сентябрь, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here