ГЕНЕРАЛ ЖОЗЕФ: НАТО 2018-ЖЫЛГА ЧЕЙИН АФГАНИСТАНДА КАЛАТ

336
0

Белгилүү болгондой, АКШ президенти Барак Обама 2014-жылдын аягына чейин Афганистандагы согуш аяктай тургандыгын жарыя кылган. А бирок акыркы убактарда анын чечимине каршы кээ бир пикирлер пайда болууда. “Франс Пресс” маалымат агенттиги кабарлашынча, НАТОнун Афганистандагы командачысы, АКШ генералы  Жозеф Данфорд Афганистандан келиши мүмкүн болгон кооп-коркунуч ак үй расмийлеринин тынчсыздануусуна себеп болуп жаткандыгын түшүндүрүп, НАТО аскерийлеринин көпчүлүгү 2018-жылга чейин АКШ командачылыгы астында Афганистанда кала тургандыгын билдирди.

Генерал Жозеф Лондондо чыгуучу Гардиан гезитине интервью берип, Афганистан армиясы коопсуздук жана бейпилдикти камсыздоо үчүн дагы беш жыл НАТОнун жардамына муктаж болушун айтты. Анын сөздөрүнө караганда, Талибан менен болгон кагылышууларда афган армиясы жана полициясынан өтө көп адамдар өлтүрүлүүдө. Ошондуктан Афганистан күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик коопсуздукту камсыздай алуу жөндөмүн калыптандыруу үчүн кеминде беш жыл керек болот.

Бирок, Афганистандан алынган кабарларга ылайык, афган армиясы эле эмес, АКШ аскерийлери да жакшы эле жоготууларга дуушар болууда. Өткөн айдын акырында болуп өткөн согушта 21 афган аскери өлгөн болсо, НАТОго караштуу аскерлерден 78 аскер өлгөн. Бул болсо, афган аскерлерине салыштырганда НАТОнун жоготуусу бир нече эсеге көп экендигин түшүндүрөт.

Мындан бир аз мурдараак, АКШнын НАТОдогу мурдагы өкүлү Курт Волкер да “АКШ жана НАТО кошуундары Афганистандан бүтүндөй чыгып кетишинин акыбети каргашалуу болот” деп эскерткен.

Туркистон:

Афганистан маселеси т.а. ал жердеги куфр проблемасы атайын маалыматтык борборлордун этибарынан четте калтырылууда. Жакынкы Чыгыш маселелери курчуп кеткендиктен, дүйнөлүк маалымат каражаттарын Афганистанда болуп жаткан окуялардан тосо башташты. Кафирлер ал жерде жогорудагыдай жана андан да чоңураак жоготууларга учурап жаткандыгынан тышкары, саясий жана аскерий жактан тузакка илинген жырткычтай абалга түшүшкөн. Колонизаторлор өздөрүнө караштуу мамлекеттери алдында алсыздыктарын жашыруу максатында, өздөрүн дем алып жаткан жырткычтай көрсөтүүгө аракеттенишет.

Бирок, бул жырткычтардын абалы өтө оор. АКШ Афганистандан чыгып кетүүнү абдан каалаган күндө да, азыркы абалдан чыгып кете албайт. Анын Афганистанды таштап кетиши, биротоло дүйнө жетекчилигинен баш тартып чыгып кетиши менен бир убакта ишке ашат. Себеби, куфр дүйнөсү өз жетекчисинин бул катаны оңдобостон, аймакты ушундай абалда таштап качышын кечирбейт. Бул жетекчи болсо, кудум сазга чөгүп бара жаткан айбанды эстетет. Ал аракетин күчөткөн сайын ого бетер чөгө берет. Ошондуктан, ал аракеттерин эл аралык маалымат каражаттарынан жашырууга аракеттене баштаган. Ал тургай, мусулмандардын ага же Карзайга карата алып барып жаткан аракеттерин  каралап, террористтер деп айтуудан да өзүн тыя баштады.

АКШ өтө алсыз жана согуш көрбөгөн мамлекет. Анын калкы дүйнө жетекчилигин кармап калуунун акысына көп курмандык бере албайт. Мамлекети болсо, калкы менен эсептешүүгө мажбур. Мындан тышкары, капитализмдин негизи пайда экендигин эсепке алсак, дүйнө жетекчилигинен келе турган пайда, аны кармап    туруунун акысына кетип жаткан каражат жана курмандыктардан кымбатка түшө баштады. Бул болсо, АКШны коңулга качуу маселеси жөнүндө ойлонууга алып барышы табигый.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here