ГҮЛ: ИСЛАМИЙ ТОПТОР КООПСУЗДУГУБУЗГА КОРКУНУЧ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ

305
0

Сирияда мужахиддер колу үстөм келип, Асад режими кулап бара жаткан убакта ушул күнгө чейин оппозиция тарапкечи болгон Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Асадга каршы күрөшүп жаткан исламий топтордон кабатырда экендигин билдирди. Гүлдүн айтышынча, Сирия режимине каршы күрөшүп жаткан исламий топтор Түркия коопсуздугу үчүн коркунуч болуп эсептелишет.

Ушул күнгө чейин түрк мамлекети тараптан алкыштанып келген оппозициялык топтордун эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип коркунуч туудура турган болуп калгандыгына президент Абдуллах Гүл түшүндүрмө берди. Анын айтышынча, мындай кырдаалда эӊ жакшы адамдар да жаманга айланып калышы мүмкүн.

Абдуллах Гүл Ортоӊку Чыгышта күндөн-күнгө күчөп бара жаткан исламий топторго этибар каратып: “Акыйкатсыздык, зулум, адилетсиздик уланып жаткан соӊ, ага каршы күрөшүү үчүн аттанган топ бара-бара радикалдашып кетет, бара-бара экстремисттик топко айланып кетет. Андан кийин алардын арасынан террористтер чыгат. Ыктымал алардын эч бири алгач террорист же радикал болбогондур. А бирок, шарттар адамдарды ошол чекитке алып барат. Кумурскага азар жеткирбеген адамдар жырткычтык иштерди кыла башташат. Бул ушундай бир доор. Алгач башта бир нече жүз кишиден турган топ барган сайын көбөйүп миӊдеген жана он миӊдеген адамдарды өз ичине алат. Бул биздин коопсуздугубузга чоӊ коркунуч туудурат. Бул нерсе биринчи даражада көӊүл бурушубуз керек болгон иш. Буга каршы жетиштүү көлөмдө күч-кубат жумшашыбыз керек”, – деди.

О.э. Гүл сөзүн улантып: “Мындай аёосуз согушта ар ким бардык нерсени өзүнө мубах кылып алат. Сага карата ушундай бир жырткычтыктарды ишке ашырышат дейсиӊ, сен да – кумурскага азар бербеген адам болсоӊ да – ар нерсени кыла баштайсыӊ. Мындай абал улана берген соӊ, ашынган радикализм өзүн терроризмдин ичинде көрөт. Бул жараян ал-Каида келип бир жерден офис ачышы жана ар кайдан адам топтошу аркылуу ишке ашпайт”, – деди.

Асад режимине каршы согушуп жаткан исламий топтор Түркия чегарасына жакын келип калганына тынчсызданып жаткандыгын жашырбаган Гүл мындай топторго эч качан этибарсыз болбостугун баса белгиледи.

Президенттин айтуусу боюнча, канчалык этият чараларын көрүшүнө жана ушул максатта чегарага танктар менен замбиректерди жайгаштырып койгонуна карабастан, Түркия террорист деп сыпатталып жаткан топтордун мамлекетке кирип келишине тоскоолдук кылууга кудуреттүү эмес. Анткени, Түркия менен Сириянын ортосундагы чегаранын узундугу 910 км.

Туркистон: 

Ооба убакыт келди, ар бир чыккынчы эми өз кыянатын ашкере кылат. Бирок, ушул чыккынчылык ордун актоого аракеттенип, ал тургай адамдарды да ушул ишти кылууга чакырып, жогорудагы сыяктуу билдирүүлөрдү даярдашат. Бул кудум нажасаттан жасалган гүлгө чырайлуу баа берүүгө окшойт. Анткени, кыянат ал тургай кафирлер тарабынан да четке кагылган б.а. караланган иш.

Ушул күнгө чейин Сириядагы исламий кыймылдарды актап келе жаткан Гүлдүн позициясын өзгөрткөн нерсе эмне өзү? ……Албетте кыянат. Анын мурда курман болуп жаткан мусулмандарга жаны ачып жаткан абалынын да, бүгүнкү абалынын да Исламга эч кандай тиешеси жок. Ал шаръий өкүмдөргө бүтүндөй тескери, толук куфрдун кызыкчылыктарынан болгон арам позицияны ээлеп келди.

Түпкүлүгүндө, колунда бийлик жана аскерий кубаты бар мусулман адамдын мылтык атса жете турган аралыктагы мусулмандардын кыргын кылынып жатканына карап ачынып отурушунун өзү арам эле. Ал эми ушул сүкүт сактоосу куфрдун көзөмөлү астында жана аны ыраазы кылуу максатында болуп жаткан болсочу. НАТОго мүчө болуп, куфр системасы сызып берген сызыкты Аллах Субханаху ва Таала сызып койгон чегаралардан бийик койгону аз келгенсип, дагы өзүн исламий фигура кылып көрсөтүп, уялбастан кимдир бирөөлөрдү каралоого аракеттенип жатканын караӊыз.

Ислам мамлекетинин тикелениши, куфр жетекчилеринин тынчын алган болсо, биздин жетекчилерибизди жан далбаска түшүрө баштады. Ислам турмушубузду башкаруу үчүн жакындашып жаткан сайын, алар куфр менен жакындашып бара беришет. Ал тургай, кылган амалдарына Аллах жана мусулмандар алдында тообо кылып, Ислам кызыкчылыктарын көздөй аракеттене баштоосу аларды ушул дүйнөдө жана акыреттеги зыяндардан сактап калат деп үмүттөнөбүз. Шайтан аларды кудум өзү сыяктуу тоободон үмүт кылбастыкка үндөп, барган сайын куфр менен ачык биригүүгө чакырат. Бирок, биз аларды үмүтсүздүктөн баш тартып, напис балээсинен болгон текебердигин сындырып, тообо кылууга чакырабыз. Убакыт аз калды инша Аллах. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here