ДАВУДУГЛУ: РАДИКАЛДЫК ИСЛАМИЙ ТОПТОРДУН АКТИВДЕШҮҮСҮ БИЗДИ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА

370
0

Түркия тышкы иштер министри Ахмад Давудуглу Швейцариянын NZZ (Neue Zürcher Zeitung) гезитине интервью берди. Түркия катышпаган конференциядан бир чечим чыкпастыгын айткан Давудуглу Женевада өткөрүлүшү пландаштырылган конференция ийгиликсиз аякташы мүмкүн экендигин билдирди.

Давудуглу Сириядагы башаламандыктардын пайда болушуна Асад себеп болгондугун сөз кылып жатып, Сириядагы радикалдык исламий топтор туурасында эл аралык уюмдарды, айрыкча, БУУнун коопсуздук уюмун да айыптап өттү. О.э. ал: “Эки жыл мурда бул жерде мындай топтор жок болчу. Өткөн жылга чейин болгону жүз чакты гана радикалдык топтор бар эле. Бүгүнкү күнгө келип миӊдеген согушкерлер аларга кошулду. Эгерде радикалдашуудан алыстоону кааласак, анда  Сирия үчүн чечим табышыбыз керек. Улуттук коалицияга ар түрдүү оппозициялык топтор мүчө. Бул коалиция күчөсө ошол боштукту толтурган болот”, – деди.

Эл аралык уюмдардын Сирия проблемасына чечим таба албагандыгын сынга алган Давудуглу: “Бул нерсе бизди тынчсыздандырууда. Бүгүнкү күндө күч-кубатка ээ болгон эки радикалдык исламий топ бар. Бири Шамда, экинчиси согуш майданында. Эгерде Женева конференциясында орундуу бирер чечимге жетишилбесе, анда бул топтор Сирия үчүн эле эмес, тескерисинче, бүт дүйнө үчүн проблемага себеп болот. 2011-жылы Асад менен он ай бою жолугушуп, канааттандыруга аракет кылдык. Ал убакта эч ким Сирия маселеси менен алектенген эмес эле. Кризис күчөп кетишин ошол убакта айткан элек. Мына эмне болду?! БУУ коопсуздук уюму колунан эч нерсе келбей турган абалга түшүп калды. Бүгүнкү күнгө чейин эч бир иш кылбагандар сынга татыктуу”, – деди.

Давудуглу гезиттин: “Сирияда активдүү болгон мужахиддер Түркия үчүн да проблемага айланды, ошондой болгон соӊ, эмне үчүн бул топторду каражат менен камсыздап жаткан Саудия жана Катарга басым өткөрбөй жатасыз”, – деген суроосуна: “Мындай жардам берилип жаткандыгына тиешелүү анык бир өкүм чыгаруга болбойт. Бул Асад режиминин агитациясы. Сириядагы радикалдык исламий топтордун кимдер тараптан камсыздалып жаткандыгы тууралуу бизде анык маалымат жок. Болгону, бул жерде Ирактагы Абугурейб камагынан качкан согушкерлер бар экендигин билебиз” – деп жооп берди.

Туркистон:

Давудуглу эгерде мусулман болсо, Сирияга кимдер жардам берип жатканы эмес, тескерисинче кимдер жардам берүүдөн баш тартып жатканы жөнүндө тынчсызданат болчу. Ачкалыктан ыйлап, өлүп жаткан балдарга жардам бербей жаткан кошуна мамлекеттер, алардын жетекчилеринин ыйманы болбосо да виждансыз экендиктери аны тынчсызданткан болот эле. Ал “БУУ колунан эч нерсе келбей турган абалга түшүп калды” деди. Түпкүлүгүндө, БУУ ушундай абалды пайда кылды. Ал ондогон жылдардан бери Түркия мамлекетин бир Ожалон сыяктуу улутчул кылмышкерди өлтүрүүдөн тыйып койду. Анан кантип араӊ жан Асаддын тынч калкты курчоого алып кырып жиберишинин алдын ала албасын!…. Эй Давудуглу, “биз” деп мусулмандардын атынан сүйлөгүдөй сен өзүӊ кимсин.

Эй боордоштор, үстүбүзгө ушул сыяктуу жетекчилердин келип калышы эмнеден? Пайгамбарыбыз САВ “силер кандай болсоӊор, үстүӊөргө ошондой акимдер келет” деп айткандай, кантип эле биз ушул чыккынчыларга татыктуу болуп калдык. Кантип эле, ушул сыяктуу паскечтиктерге сүкүт сактап, ошону менен ыраазылык билдирип, акыретте алар менен бирге тирилип калуу ыктымалына ыраазы болобуз!…….

Жок биз ыраазы эмеспиз!   Ким ыраазы болсо болсун. Аллах бизди алсыз абалыбызда – Иброхим алейхиссаламга каршы жагылган отту өчүрүү үчүн оозу менен суу алып бара жаткан чимели сыяктуу – аз болсо да аракеттерибиз себептүү, тозок азабынан сактасын. Себеби, бүгүнкү күндө, куфр кутурду. Ал Сириядагы боордошторубуздун үстүндө катуу зулум баштады. Бул ушунчалык маанилүү дейсиӊ, аларга жардам бербеген мусулмандын нажат табышы өтө кыйын. Аллах бизди нажат тапкандардан кылсын. Ислам жана мусулмандарга нусрат берсин, Аамиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here