ТУНИСТЕ “АН-НАХЗО” АЛЛАХ ЫРААЗЫЛЫГЫН ИЗДЕБЕЙ ЖАТАТ

296
0

28.07.2013

Кече жакында Тунисте атып өлтүрүлгөн оппозиционер Иброхимийдин сөөгү февралда атып өлтүрүлгөн, өзүнө окшогон “светтик” оппозиция лидери Чокри Билайиддин жанына коюлду. Ал акыркы сапарга узатылып жатканда миңдеген адамдар өкмөткө каршы ураандарды кыйкырып жатышты жана ал өлкө бойлоп нааразылык демонстрацияларына айланды. Тунис полициясы өлкөдөгү демонстрацияларды көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатып жатат.

Ушул эле учурда, “мээлүүн исламчыл” ан-Нахзо партиясы түзгөн өкмөт Иброхимийдин өлүмү үчүн “ислам экстремисттерин” күнөөлөдү жана коалицияга кирген партиялар менен жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталганын жарыя кылды. Көрүнүп тургандай, ан-Нахзо дагы деле баягы демократиялык куфр башкаруусу менен башкарууга ыраазы болуп жатат. Мунусу аз келгенсип,  мусулмандарды “светтик” жана “исламчыл” деп, Исламды болсо “экстремисттик” жана “мээлүүн” деп бөлүү менен кафирлер колонизаторлугуна кызмат кылып жатат. Эң кур дегенде, бул Тунистеги “Нахзо” Мисирдеги “Ихван” тагдырынан ибрат алса болмок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here