ИНДОНЕЗИЯЛЫК ГУБЕРНАТОР СООП АЛАБЫ

235
0

Индонезиядагы Горонтало провинциясынын губернатору Русли Хабиби администрация кызматкерлерине жаш катчы айымдарды жумуштан кетирип, алардын ордуна эркек же жашы өткөн аялдарды жумушка алууну буйруду.

Русли Хабиби мындай дейт:

“Мага көптөгөн офис жетекчилеринин өз катчы-айымдары менен никесиз мамиле кылгандыктары тууралуу маалыматтар келип түштү. Алар  өз аялдарына караганда “тигилерине” жакшы мамиле кылышат экен: байкуш өз аялдарына эч нерсе жетпей жатканда, тигилерге командировкадан атыр же сумкалар сыяктуу белектерди алып келип беришет экен”.

Хабиби ойнош күткөн бузукуларды эч кандай жаза күтпөшүн да белгилеп “Бул моралдык эле талап” деп айтууну да унуткан жок.

Хабиби Аллах үчүн эмес, “байкуш” аялдар үчүн зинага каршы чыгыптыр, кандай ойлойсуз, ал буга сооп алабы?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here