ЭЛ АРАЛЫК АЛДАМЧЫЛАРДЫН КАНЧА ЖҮЗҮН КӨРӨ АЛДЫҢЫЗ

306
0

Сирия бийлиги химиялык куралдарды карапайым калкка каршы иштетпешин, андай нерселер сырткы кол салууларга гана каршы колдонулушун качантан бери саймедиреп келет. Бирок, ал иш жүзүндө мындай куралдарды көп жолу ишке салып жиберди.

Бириккен Улуттар Уюму муну көр-сокурдай көрмөксөн болуп, “анын аныгына жетиш үчүн” комиссия түзүмүш болуп олтурат.

Америка эгер Башар Асад химкуралдарды колдонсо, анда ал кызыл сызыкты кесип өткөн болот жана биз ага каршы катаал чара корөбүз деп катуу кеткен. Бирок, Башар Асад бир эмес бир нече жолу карапайым калкка каршы химчабуулдарды жасаганына карабастан, Америка ага каршы али бир да чара көрө элек. Мурунку чабуулдарда “аз өлчөмдө колдонулгандыгын” бетке кармаган. Эми болсо БУУ комиссиясы текшерсин деп, буга шылтап олтурат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here