ХИЗБУТ ТАХРИРДИН РОССИЯДАГЫ БАСМА СӨЗ БӨЛҮМҮ

332
0

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»

Басма сөз баянаты

«Өздөрүнүн да, ата-бабаларынын да бул жөнүндө эч бирилими жок, ооздорунан чыккан сөз – оор сөз, алар жалаң гана жалган сүйлөшөт»

 

2013-жылы 27-апрелде Россиянын Дагестан республикасынын полициясы Расулуллах rдын байрактары менен жасалгаланган машиналар кербенин камакка алды. Бирок, Дагестан ички иштер министрлиги болсо мындай кыскача билдирүү берди: «Кизляр району администрациясы Россияда тыюу салынган Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнө караштуу 25 машинаны камтыган колонна тарабынан жасала турган чабуулду бастырды». Ошондон кийин федералдык жана райондук маалымат каражаттары: «Кизляр районунда Хизбут-Тахрир экстремисттери тарабынан ички иштер министрлигине чабуул жасалды», – деген кабарды басып чыкты. Ушул таризде ички иштер министрлиги тарабынан той кербенине жасалган чабуул «экстремисттер тарабынан жасалган чабуул» деп өзгөртүлдү!

Кизлярдын кире беришинде той кербениндеги мусулмандар, алардын катарында аялдар жана балдар да полицейлер тарабынан колго алынды. Кийинчерээк маалым болушунча, алардын камакка алынышына машиналар Расулуллах rдын байрактары менен жасалгаланганы себеп болгон. Полицейлер машиналардан бардык байрактарды алып таштоону талап кылышкан. Мусулмандар исламий белгилер Россияда тыюу салынбаганын этибарга алып, полицейлерден бул иш-аракеттеринин мыйзамдуу тарабын сурашканда, алар «бул жогорудан келген буйрук» деп жооп беришкен. Мына ушинтип мусулмандар кербен жолун улантуу үчүн жасалгаларды алып коюуга мажбур экенин түшүнүштү.

Бардык байрактар бир машинага салынгандан кийин, машиналардын бир бөлүгү эми гана жолго чыкканда полицейлердин бири бир муслиманы түртүп жиберет, бул болсо муслиманын жолдошу менен агасынын ачуусун келтирет.

Натыйжада алар менен полиция ортосунда чыр-чатак келип чыгат. Полиция кызматкерлери абага ок атууну, таяктары менен тойдун меймандарын таяктоону башташат. Кийин бир нече мусулманды камакка алышып, алардын төртөөсүнө «полиция кызматкерлерине кол көтөрүү» айыбын коюшту…

Түпкүлүгүндө, полиция кызматкерлери тойго чакырылган меймандарды таяктап, айрымдарын камакка алып, кийин болсо «Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнөн турган машиналар кербени тарабынан полиция кызматкерлерине чабуул кылынды» деген жалган кабарды басып чыккан. Дагестан жана Россияда «Адилет союзу» коммерциялык эмес уюмунун өкүлү катары абдан жакшы белгилүү Мажуманд Карташовго «полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн» деген айып коюлду.

Мына ушинтип мусулмандар «Ла илаха иллаллох Мухаммадур Росулуллох» калимасын көтөрүп чыгышканы үчүн камакка алынышты жана жабыр тартышты, аларга той маарекесинде куттуктоо жана урмат көрсөтүлүшүнүн ордуна Пайгамбар Мухаммад rдын байрактары менен машиналарын кооздошкону үчүн камакка алуу жана акараттоого кабылышты. Учурда ушул исламий өлкөдө эч бир адам мас болгону үчүн же футбол клубунун байрактарын көтөрүп алышканы эч качан камакка алынбайт. Мына ушунчалык даражада адашуу мүмкүнбү?!

Ушунусу ачык-айкын, бул байрактарыбыз Ислам жана мусулмандарды тизгиндөөгө дагы бир жолу себеп болууда. Бирок, душмандардын Аллахтын динин жаман көрүүлөрү ар жолу өздөрүнүн шерменде болушуна, алсыздык кылып өз мыйзамдарын өздөрү бузушуна алып келүүдө. Бул жолу өз кылмыштарына бир да мыйзамдуу себепти таба алышпабы, анткени той кербенине өздөрү чабуул кылып, адамдарды полиция кызматкерлерине чабуул кылышты деп жаманатты кылып жатышат.

Биз ушул тойго тоскоолдук кылуунун артында аскерийлердин нерв кескиндиги жана бүткүл Дагестанга кеңири жайылган коркуудан башка нерсе жок деген үмүттөбүз. О.э. алар Ислам негизин туюнтуп турган байрактарыбызды жаман көрүшкөнү себептүү келип чыккан мындай наадандыктарына бушайман болушат жана той ээлеринен кечирим сурап, зыяндарды төлөшөт деп үмүт кылабыз.

Эй ырайымдуулардын ырайымдуусу, эй адилеттүү Аллах, мусулмандарды өз динин тоскоолдуксуз жүзөгө чыгарышына жеткиргин!

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ(32) هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо жаюуну каалайт. Ал Өз ралусун хидаят жана чындык дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерден үстөм кылуу үчүн жиберген Зат» [9:32-33]

Хизбут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here