Иракта шайлоо

390
0

Иракта чет элдик аскерлер кеткенден кийин, алгачкы жолу шайлоо болуп өттү. Бул муниципалдык шайлоодо ирактыктар кооопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта добуш беришти.
Шайлоолор абдан катуу көзөмөлдө болгон, а түгүл, адамдар шайлоо участкаларына келгенде бир нече ирет текшерүүдөн өтүшкөн.

Шайлоо кампаниясында 14 талапкер өлтүрүлгөн.
Парламенттик шайлоо өлкөдө эмдиги жылы өтөт.

Иракта 14 миллионго чукул шайлоочу бар.

Колониядагы мусулман өлкөлөрүндөгү шайлоолор: Калк шайлоого көп катышпаса да, натыйжа колонизаторлор каалагандай болот жана шайлоо өттү болуп жарыялана берет. Андан кийин малай аким чыгып, мактаныч сөздөрүн сүйлөйт. Мисалы бул шайлоодо өкмөт башчы Нури ал-Малики: Бүгүн биз Ирак мамлекетинин пайдубалын дагы бекемдеп, салабаттуу кадам таштадык. Күчтүү, таасирлүү жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен биз борборсуздаштырылган мамлекеттин түп негизин курууну аягына чыгабыз – деп, куфрга кулдук кылганы менен мактанды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here