ЭГЕМЕН ЭЛБИ КЫРГЫЗДАР

712
0

Кыргызстандын эгемендүү же эгемен эмес экенин аныктоо үчүн дүйнөлүк эл аралык абалды билүү зарыл.

Бүгүнкү дүйнө мамлекеттери 1-2-3-дүйнө мамлекеттери болуп бөлүнүшөт. Булардын ичинен 1-дүйнө мамлекеттери чыныгы эгемендүү мамлекеттер болуп эсептелишет. Алар 2-дүйнөлүк согушта утуп чыгып, дүйнөнү өз ара бөлүштүрүп алган мамлекеттер: Англия, Франция, Америка, СССРдин мураскору Россия жана Кытай. О.э. Германия кайрадан булардын катарына кошулууга жакындашып келе жатат.

Эгемендүү мамлекет өзүнүн тышкы жана ички саясатын пайдасына карап, каалагандай жүргүзөт.

Ал эми, 2-дүйнө мамлекеттери кимдиндир таасири астындагы мамлекеттер болуп саналат. Алардын тышкы саясатын башка бир мамлекет менен көз карандылык эмес, кызыкчылык байлап турат. Мисалы, Япониянын Америкага, Австралиянын Америка жана Британияга, Канаданын Америка, Британия жана Францияга байланып турганы сыяктуу. Ошондуктан буларды да толук эгемендүү деп айтууга болбойт.

Эми 3-дүйнө мамлекттерине токтоло турган болсок, буларда таптакыр эгемендүүлүк деген нерсе жок. Аларда кожоюн деген бар. Ал эми, юридикалык жактан эгемендүүлүк алуу бул да чоң жетишкендик деген нерселер – ошол кожоюндардын колониядагы дүйнө мамлекеттеринин калкын – сооротуудан башка нерсе эмес. Кожоюндар дагы «силер эми өнүгүп келе жаткан мамлекеттерсиңер, дагы мынча жылдан кийин бизге жетип аласыңар» деп да сооротушат. 3-дүйнө мамлекеттери өз ара бири-биринен айырмаланышкан жагдайлары бар. Мисалы, кожоюн мамлекеттер алардын бирин регионалдык лидер кылып тандашы мүмкүн, дагы бирин ага атаандаш кылып коюшу ыктымал. Мисалы, Америка Египетти жакынкы чыгышка лидер кылып койгон эле ж.б.  Бирок, 3-дүйнө мамлекеттери күнкордук жагынан айырмаланышпайт. Мисалы, Түркия менен Кыргызстан күнкорсуздукта бирдей т.а. экөө тең эгемендүү эмес.Күнкор мамлекет өзүнүн тышкы саясатында жана айрым ички маселелеринде башка бир мамлекетке көз каранды болот. Мисалы, Казакстан Россияга көз каранды болгону сыяктуу.

 

Кыргызстандын эгемендүү эмес экендигин дагы бир жактан аныктап алууга болот. Б.а. «эгемендүүлүктүн» тарыхын билсек, кыргызстандын эгемендүү эмес экендигине дагы бир жолу ынанабыз. Мисалы, кафир батыш Халифалыкты кулатканда мына ушул эгемендүүлүк идеясын ишке салган. Мисалы, «халифалыкты түрктөр башкарып жатат, эй арабдар, силер алардан бөлүнүп чыгып, эгемендүү болгула» деп көкүткөн. Халифалыктын кулашы менен мусулмандар, алтургай, арабдардын эле өздөрү бир нече мамлекетчелерге бөлүп ташталган жана алар колонияларга айланган. Андан кийин, 60-жылдары Cоветтер союзу менен Кошмо штаттар Англия жана Франциялардын колонияларын тартып алууга тил бириктиришти. Мына ошондо алар колониядагы мамлекеттерге «силер колонизаторлук чеңгелинен кутулуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттер болушуңар керек» деп, жасалма төңкөрүштөрдү уюштурушту жана башкалардын колонияларын өздөрүнө оодуруп алышты. Негизи, эгемендүүлүккө жеттик деген мамлекеттер эч кандай эгемендүүлүккө деле жетишкен жок, болгону, алардын кожоюндары гана алмашып калды. Батыш лагерь чыгыш лагерди кулатууда да мына ушул «эгемендүүлүк» идеясынан өнүмдүү пайдаланды. Союздун курамындагы республикаларды эгемендүүлүккө үгүттөп, Советтер союзун ыдыратты. Андан бөлүнүп чыккан республикалар калп эле эгемендүү аталышты жана башка державалардын да аларга кожоюндук кылуу үчүн ат салышуусуна жол ачылды. Кыргызстандын “эгемендүүлүк” тарыхы да так мына ушул жерден башталат эмеспи. Эмне дейсиңер мекендештер, эгемен бекенсиңер?

Рахмат Даур Аскер

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here