БАКИЕВДЕРДИ ЭКСТРАДИЦИЯЛООНУ ИНТЕРПОЛДОН ТАЛАП КЫЛЫШАТ

403
0

Белоруссияда башкалкалаган Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын экстрадициялоого көмөктөшүүнү “7-апрель” кыймылы Интерполдон талап кылат. Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров  билдиргендей, бүгүн бир нече активист Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясын уюштурат. Алар эл аралык кылмыш полициясынан Бакиевдерди Кыргызстанга кайтарууга эмне үчүн чечкиндүү аракет көрбөгөнү боюнча түшүндүрмө сурашат.

Буга чейин “7-апрель” кыймылы Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси менен Бишкектеги Белорус элчилигинин, эл аралык уюмдардын имараттарынын алдына митингге чыгышкан. Өткөн жылы бир катар кыймылдар биргелешип уюштурган митинг Белорус элчилигин таш бараңга алуу менен аяктаган.

Ушул тушта Кыргызстандын күч органдарынан турган атайын топ кылмышка шектелген кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн Беларуста жүрөт.

Эгер Бакиев намаз окуп койгондо эле барбы, анда интерполуң эларалык уюмдар менен биригип, экс-президентке исламий экстремист тамгасын жабыштырмак да, мойнуна бомбаны илип, Минскиде эчак эле терракт уюштурмак. Ошентип, Бакиевден кутулуп калмакпыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here