АЛМАТЫДА “СТАМБУЛ ПРОЦЕССИ”

59
0

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Афганистан боюнча 3-министрлик конференциясына катышуу үчүн 25-апрелде Алматы шаарына учуп кеткен. Конференция бүгүн 26-апрелде Стамбул процессинин алкагында өтөт.

Коопсуз жана туруктуу Ооганстан үчүн деген ураан астында уюшулган “Стамбул процесси” 2011-жылдын ноябрь айында декларация кабыл алган. Ал декларацияга Афганистан, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Бириккен Араб Эмирлиги кол койгон.

Жыйынга регионалдык инфраструктураны күчтөндүрүү, чөлкөмдөгү сооданы өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарда жана билим-илим багытында кызматташуу маселелери маска кылып кийгизилет. Негизи, анда катышуучу мамлекеттер Афганистандагы Америка-Россия колонизаторлугу, Кытай менен Индия коңшучулугу тууралуу баш катырышат. Америка кызыкчылыктары парда артынан Афганистан, Пакистан, Түркия, Саудия жана Эмираттар аркылуу корголмокчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here